Bildiri Özetleri

Hacettepe Üniversitesi Türkiyat Araştırmaları Enstitüsü

Destek Veren Kuruluşlar

Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ/

Abdıldacan AKMATALİYEV

Махмуд Кашгари Жана Кыргыз Адабияты / Kaşgarlı Mahmud ve Kırgız Edebiyatı / Mahmud Qashgari and Kirghiz Literature

“Сөздүктөгү” материалдан кийин бир ой келет – айтыш жанрынын генезисин эмне үчүн байыркы адабияттын үлгүлөрүнөн издебейбиз?! Ошондой эле мурасты кыргыз адабиятындагы пейзаждык лириканын түпкү көркөм булактарынын бири катары карабайбыз?! Менимче, биз таасир маселесине келгенде мезгил ченемин кеңири алып, тээ түпкүрдөн издөөгө аракет кылышыбыз керек. Ушул жагынан алганда Махмуд Кашкаринин “Сөздүгүнүн” поэтикалык тексттери, жанрдык түзүлүшү, формалары, көркөмдүк стили, ар кыл тематикалары менен кыргыз эл ырчыларынын көркөм дүйнөсүнөн көп окшоштуктарды, жалпылыктарды табууга болот. Махмуддун “Сөздүгүндөгү” дидактикалык мүнөздөгү насият, осуят, терме ырлары Асан кайгы, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстанбек, Жеңижок, Барпы, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо ж.б. чыгармачылыктары менен үндөшүп жаткан жери жокпу?! Биз “Сөздүктөн” мындай саптарды окуйбуз:

Ук, эне-атаңы,

Сөздөрүн кадырла.

Мал-мүлкүң көбөйсө,

Бой көтөрүп кутурба.

Такыр айтпа суук сөз,

Кара ниет, жүзсүз сараңга,

Жагымдуу, ак көңүл бол,

Калсын атың көп жылга.

Жолдошуңду урмат кыл,

Башкаларга жүздөнбө.

Багалбастан тоокту,

Куш багам деп сүйлөбө.

Мына бул саптардын маанилерин кыргыз эл ырчыларынан жолуктурууга болобу?! Болот! Демек, “Сөздүктү” кийинки жалпы чыгармачыл адамдарга белгилүү бир таалим-тарбия берүүчү көркөм ориентир катары бааласак жаңылышпайбыз.

Жыйынтыктаганда, көп жылдын үзүрү болгон “Сөздүк” – лингвистикалык, тарыхый, этнографиялык гана илимий булак эмес, түрк элинин адабий чоң эстелиги болуп саналат.

***

Hazırlayan

Mikail CENGİZ

Uluslararası II. Türkiyat Araştırmaları Sempozyumu

“Kâşgarlı Mahmud ve Dönemi”

 

Hacettepe Üniversitesi Türkiyat Araştırmaları Enstitüsü

28-30 Mayıs 2008

Hacettepe Üniversitesi  M Salonu Sıhhiye Yerleşkesi

ve

Hilton Oteli Ankara